30.11.2018 14:18

«Я люблю Бишкек» инсталляциясын талкалаган жигит келтирген зыянды толук төлөп берди

«Я люблю Бишкек» инсталляциясын талкалаган жигит келтирген зыянды толук төлөп берди

«Я люблю Бишкек» инсталляциясын талкалаган жигиттин туугандары чыгымды төлөп беришти. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.

Эскерте кетсек, 15-ноябрда Чүй проспектиси менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишиндеги жазууну белгисиз адам талкалап салган факт аныкталган.

Ленин РИИБ кызматкерлери бейбаштык кылган жаранды «кылмыштын изи сууй электе» кармашкан. Ал Бишкекке конокко келген, 27 жаштагы М.уулу Т. болуп чыккан.

Бул факт боюнча 174-берене менен кылмыш иши козголуп, шектүү Бишкектеги №1 Тергөө изоляторуна киргизилген. 

Инсталляцияны жасаган «Линдл» ишканасынын маалыматына караганда, анын наркы 60 миң сомду түзгөн.

28-ноябрь күнү кармалган адамдын туугандары келтирилген зыяндын ордун толук төлөп беришти жана жакын арада  «Я люблю Бишкек» жазуусу калыбына келтирилип, мурунку ордуна коюлат.