27.12.2018 09:21

Якутияда кыргызстандык номерлүү жүк ташуучу унаа көңтөрүлүп кетип, айдоочусу каза тапты

Якутияда кыргызстандык номерлүү жүк ташуучу унаа көңтөрүлүп кетип, айдоочусу каза тапты

Якутияда кыргызстандык номерлүү жүк ташуучу унаа жол кырсыгына кабылып, айдоочусу каза тапты. Бул туурасында «Якутия 24» порталы жазып чыкты.

Кырсык кечээ, 26-декабрда Нерюнгри районундагы «Лена» башкы трассасында 12:10 чамасында болгон. Жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, унаа көңтөрүлүп кеткен. Кырсыктан айдоочу жеринде каза тапкан.

Аталган райондун жол тескөөчүлөрү учурда курман болгон адамдын өздүгү такталып жатканын билдиришет.  

Сүрөттө унаада кыргызстандык О 1590AL номери илинип турганын көрүүгө болот.