28.03.2019 16:56

Якутияда мигранттарды ишке алууга тыюу салынды

Якутияда мигранттарды ишке алууга тыюу салынды

Якутиянын башчысы Айсен Николаев региондун аймагына мигранттарды ишке алууга тыюу салган жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Якутия өкмөтүнүн сайтында жазылат.

Айсен Николаев чет элдик жумушчуларды ишке алууга болбой турган экономикалык ишмердүүлүк түрлөрүнүн тизмесин кеңейтти. Анда патенттин негизинде иштеп жаткан мигранттар укук тармагында, бухгалтердик эсеп, архитектура жана инженердик-техникалык долбоорлоодо, ошондой эле илимий изилдөө тармактарында иштей алышпайт деп көрсөтүлгөн.

Мындан сырткары жаңы жарлык боюнча мигранттар тамак-аш азыктарын, ширелерди өндүрүү, кийим-кече өндүрүү тармагында, шаар ичиндеги жана шаардын чет жакасындагы каттамдар боюнча жүргүнчү ташуу, жеңил такси жана автоунааны ижарага алып иштетүү, жүк ташуучу унаа айдоо, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагында иштей алышпайт.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 17-мартында Якутияда жергиликтүү аялды күч колдонуп унаага салып кетип, зордукташкан. Кылмышка шектүү катары 3 кыргызстандык кармалган. Ошол эле күнү, 17-мартта мигранттарга каршы митинг өтүп, ага жүздөгөн адамдар келген.