11.09.2019 17:39

Якутияда жергиликтүү аялды зордуктоого айыпталган мигрант 14 жылга кесилди

Якутияда жергиликтүү аялды зордуктоого айыпталган мигрант 14 жылга кесилди

Якутияда жергиликтүү аялды зордуктоого айыпталып жаткан мигрант 14 жылга кесилди. Бул тууралуу «Московский Комсомолец» гезитинин сайты жазып чыкты.

Сот негизги айыпталуучуну 14 жылдык мөөнөткө катаал тартиптеги абакка кести. Калган эки шериги төрт жана алты жыл жалпы режимдеги түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөмөй болду. 

Эскерте кетсек, 17-мартта түбү кыргызстандык жаран Якутияда аялды уурдап барып, зордуктоого шектелип кармалган. Кийин ал курмандыгын унаасын оңдоп берген тааныштарына «акысы» катары калтырып кеткен. Зордукчулардан качып чыккан аял полицияга арыз жазган. 

Кылмыш чоң коомдук резонанс жаратып, жергиликтүүлөр кылмышкерлер катаал жаза алуусун талап кылышкан.