30.10.2018 11:20

Япон ханбийкеси жөнөкөй жигитке турмушка чыгуу менен «ханбийке» макамынан ажырады

Япон ханбийкеси жөнөкөй жигитке турмушка чыгуу менен «ханбийке» макамынан ажырады

Япон ханбийкеси Аяко кечээ, 29-октябрда жөнөкөй уруунун өкүлүнө турмушка чыгуу менен императордун үй-бүлө мүчөсү макамынан баш тартты, деп билдирет Reuters.

Аяко-император Акихитонун каза болуп калган аталаш тууганы, принц Такамадонун үчүнчү кызы. Ал Nippon Yusen транспорт компаниясынын 32 жаштагы кызматкерине турмушка чыкты. Үйлөнүү үлпөтү Мэйдзи храмында өттү.

Япон императордук үй-бүлө мүчөлөрү 3 муундан бери келечектеги түгөйлөрүн эркин тандоо укугунан колдонуп келишет.

Императордун мураскери кезинде Акихито алгачкылардан болуп, ак сөөк тукумунан чыкпаган аялга үйлөнгөн. Өзүнүн жубайы, императрица Митико менен ал теннис кортунан таанышкан.

Мыйзам боюнча ханбийке Аякого императордун үй-бүлө мүчөсү макамынан баш тартууга туура келди. Нике тууралуу күбөлүккө кол койгондон кийин ал жолдошунун фамилиясына өттү.