12.02.2019 16:18

Японияда уурулар 400 жылдан бери өсүп турган бонсай дарагын уурдап кетишти

Японияда уурулар 400 жылдан бери өсүп турган бонсай дарагын уурдап кетишти

Японияда уурулар 400 жылдык бонсай дарагын уурдап кетишти. Бул туурасында The Washington Post жазып чыкты. 

Шылуундар Токиодон анча алыс эмес Сайтама префектурасындагы бакчадан наркы 100 миң доллардан аша турган 7 бонсай дарагын уурдап кетишкен. Алардын арасында өзгөчө кам көрүүнү талап кылган эң сейрек кездешүүчү 400 жылдык Шимпаку сортундагы арча дагы болгон.

Иимуранын үй-бүлөсү бонсай искусствосу менен 5 муундан бери алектенип келе жатышкан. Ата-бабалары мындан төрт жүз жыл мурун тоо боорунан Шимпакуну таап алышкан. Адистер даракты сымбаттуу түргө келтирүү үчүн далай жыл коротушкан. 

Үй ээсинин жубайынын айтымында, уурулар бонсай искусствосунан кабардар болушкан. Анткени, 5 миң гектарды ээлеген аянттагы 3 миң түр дарактын ичинен эң кымбат 7 түрүн алып кетишкен.

Аял бул дарактар бала сымал экенин айтып, уурулардан баалуу арчаны жакшылап камкордукка алууну суранды. 

«Шимпаку 400 жыл жашаган. Ага кам көрүү керек, суусуз бир жума дагы жашай албайт», — деп билдирди Иимура. 

Үй-бүлө бакчадагы дарактарын эч кимден жашырчу эмес. Көргүсү келгендер үчүн бакча дайыма ачык турчу. Эми баалуу бонсай дарагын уурдаткандан кийин үй-бүлө өз эрежелерин өзгөртүүнү ойлонуштурууда.