05.10.2018 17:00

Японияда үйрөнчүк айдоочу тажик президентинин кортежин сүздү

Японияда үйрөнчүк айдоочу тажик президентинин кортежин сүздү

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун кортежи Япониянын Токио шаарында жол кырсыкка кабылды. Кортеж катышкан кырсыктын тасмасын жергиликтүү Fuji TV телеканалы жарыялаган.

Авария 4-октябрда күндүз Нагата районунда болгон. Телеканалдын маалыматына караганда, Рахмондун кортежиндеги Mercedes унаасын кичи автобус келип сүзгөн. Япон полициясы учурда окуянын чоо-жайын тактап жатат.

Кырсык болгон учурда Эмомали Рахмон унаа ичинде болгону белгисиз, бирок, япон ЖМКларынын маалыматына караганда Тажик президенти жол кырсыгынан жабыркаган жок. Азырынча кичи автобусту үйрөнчүк айдоочу айдап баратканы белгилүү.

Эскерте кетсек, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Японияга 3-октябрда расмий иш сапар менен келген. Бүгүн,  5 -октябрда Рахмон 66 жашка толду.