26.09.2018 09:00

Япониялык аял ымыркайдын денесин 4 жыл бою вокзалдагы сактоо камерасында катып келген

Япониялык аял ымыркайдын денесин 4 жыл бою вокзалдагы сактоо камерасында катып келген

Токионун бир районунда үрөй учурган окуя болуп өттү. Жергиликтүү аял 4 жылдан ашык убакыттан бери өзүнүн жаңы төрөгөн баласынын денесин темир жол станциясындагы сактоо камерасына катып келгени ачыкталды. Бул туурасында «Комсомольская правда» жазып чыкты. 

49 жаштагы Эми Сусаки өзү бул тууралуу полицияга айтып берген. Аялдын айтымында, бул баланы мындан 4-5 жыл мурун үйдө өз алдынча төрөгөн. Бирок, баладан тирүүлүктүн жышааны билинген эмес. Коркуп кеткен японка өзү жашаган Тайто районундагы станциянын сактоо камерасына катып коюуну чечкен. 

Учурда ишсиз отурган Сусаки ушунча жылдан бери ячейканын ижара акысын убагында төлөп турган. Аялдын болгон окуяны ачык айтып берүүсүнө эмне түрткү болгону азырынча белгисиз, бирок токиялык тартип сакчылар аны камакка алышты.

Текшерүү учурунда сактоо камерасынын ячейкаларынын биринде чындап эле целлофан пакетке оролгон өлүк көп жылдан бери жатканы аныкталды. Эми полиция аялды суракка алып териштирүү иштери жүрүүдө.