15.05.2018 13:28

YouTube аркылуу акча табууну көздөгөн жубайлар темир торго түштү

YouTube аркылуу акча табууну  көздөгөн жубайлар темир торго түштү

Камбоджалык түгөйлөр YouTube сайтында жарыяланган тасмасынан кийин камакка алынды. Видеого Ань Линь Туч күйөөсү Фун Рати экөө сейрек кездешүүчү жандыктарды союп, бышырып жатканы тартылган. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыкты. 

Туч күйөөсү экөө камера алдында  сейрек кездешүүчү кескелдирик жана куштарды, ошондой эле жоголуп бараткан балык уулоочу жапайы мышыктарды союп, терисин сыйрып, ичин тазалашкан. 

Андан соң, түгөйлөр үйүнүн алдында от жагып, жаныбарларды бышырышкан. Жоголуп бара жаткан бул жандыктардан тышкары, аял уйду, уулуу жыланды, акуланы жана бакаларды жеп көргөн. 

Камбоджанын айлана-чөйрө министрлиги блогерлерди байкап калып, түгөйлөр камакка алынды. Азырынча үй-бүлө кандай жаза алаары белгисиз. 

Шектүүлөрдүн айтымында, алар сейрек кездешүүчү жандыктарды жергиликтүү базардан сатып алышып, анан бышырышкан. Бийлик бул сөздүн чын-төгүнүн текшерип жатат.  

Тучтун күйөөсү жубайлар мындай роликтерди жайгаштыруу менен акча табууну көздөшкөнүн билдирди. Айтымында, 2017-жылы тасмага илинген жарнамадан 500 доллар алышкан.