15.11.2019 13:23

ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында кыргыз боз үйү орнотулду (фото)

ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында кыргыз боз үйү орнотулду (фото)

Франциянын Париж шаарында 12-ноябрдан тартып, ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 40-сессиясы өтүп жатат. Ага Кыргызстандан да делегация жөнөтүлгөн.

Тышкы иштер министрлиги жыйындын алкагында ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында кыргыз боз үйү көргөзмөгө коюлганын билдирди. 14-ноябрда боз үйдүн расмий ачылышы болуп, анда уюмдун башкы директору Одре Азуле КР делегациясына коомчулукка ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирген элементтер менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн түзүп  бергени үчүн ыраазычылык билдирди.

«ЮНЕСКОнун Башкы конференциясына 195 мамлекеттен 5 миңден ашуун адам катышып жатат. Жыйын башталгандан бери боз үй жана анын ички жасалгасы менен жыйындын катышуучулары жана коноктору, анын ичинде ондогон делегация башчылары: Тажикстан президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын вице-премьер-министри Абдухакимов, Канада, Кытай, Малайзия, Камбоджа, Кувейт, Швециянын билим берүү жана маданият министрлери жана элчилер таанышып чыгышты. Бул кыргыз маданиятын жайылтуу максатында жасалды»,- деп айтылат маалыматта.

Башкы конференция 27-ноябрда ишин жыйынтыктайт.