Юристтер: УКМКнын Кой-Таштагы атайы операциясы мыйзамсыз болду

Юристтер: УКМКнын Кой-Таштагы атайы операциясы мыйзамсыз болду

УКМКнын Кой-Таштагы атайы операциясын юристтер мыйзамсыз деп баалашууда. Бийлик укуктук таалаадан чыгып кетти. 

Адвокат Сергей Слесаревдин пикиринде, тергөөчү күбөнү суракка күч менен алып келүү тууралуу токтом чыгарып, экс-президентке бул маалыматты жеткириш керек эле. Дагы бир жагдай,  суракка күчтөп алып баруу эч качан кечинде ишке ашырылбайт. «Бийлик тарабынан мыйзамдын нормалары орой бузулду» - дейт  адвокат. Слесаревдин билдирүүсүндө, күч менен жеткирүү менен спецназ эмес, алгачкы тергөө органдары алектениш керек. Атайы кызматтын өкүлдөрү алгачкы тергөө органына кирбейт. 

Юристтер Атамбаевди жоопко тартуунун өзү дагы мыйзмсыз экенин кошумчалашууда. Анткени, Атамбаевдин кол тийбестик укугу бар жана аны УКМКнын тогузунчу кызматынын кызматкерлери акырына чейин коргоп келишкен. Коопсуздук комитетинин жетекчилиги спецназды экс- президентти коргоо боюнча өз милдетин аткарып жаткан кесиптештерине кайраштырып, кагылышууга түртүштү. Алар Конституциялык палатанын чечимин күтүп, андан соң гана чечкиндүү чараларга барганы туура болмок. 

Юрист Нурбек Токтакуновдун айтымында, Бул атайы операцияга чейин Атамбаев күбө катары эле тергөөгө чакырылып келген. Бирок күбөлөр эч качан суракка спецназдын жардамы менен жеткирилбейт.