22.04.2019 13:28

Юстиция министрлиги КСДПнын документтерин кайра карап чыгууга макул болду

Юстиция министрлиги КСДПнын документтерин кайра карап чыгууга макул болду

КСДП Юстиция министрлигине партиянын мыйзамдуу төрагасы Алмазбек Атамбаев экенин далилдеген документтерди жиберет. Андан аркы кадамдар министрликтин жообуна жараша болот. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты, партия мүчөсү Асел Кодуранова билдирди. 

Эскерте кетсек, бүгүн Социал-демократтар партиясы Юстиция министрлигинин алдында «Адилетсиз министрлик» акциясын өткөрүштү. Анда чогулгандар министрликтин КСДПны мыйзамсыз түрдө Сагынбек Абдрахмановдун атына каттап коюшуна нааразылыктарын билдиришти. Акция катышуучуларынын арасынан Асель Кодуранова баштаган өкүлдөр Юстиция министрлигинин жетекчилиги менен сүйлөшүп чыгышты.  

«Биз юстиция министринин орун басары менен сүйлөшүп чыктык. Алар баарын мыйзам чегинде кылганбыз деп жатышат. Биз мыйзам бузуу болгонун билдирдик. Алар мыйзамда карама-каршылыктар бар экенин мойнуна алышты. Аларды биз Жогорку Кеңеште чечишибиз керек экен. Болбосо, бүгүнкү күндө ар бир партия мындай абалга түшүп калышы мүмкүн. Кандай жыйынтыкка келдик? Биз эми 7 күндүн ичинде  документтерди толуктап, кайра жиберебиз. Алар карап чыгабыз дешти. Ошонун жыйынтыгы боюнча эмне болоорун көрөбүз.

Юстиция министрлиги аларга партиянын жетекчилиги алмашканы тууралуу документ келгенин айтышты. Биз КСДПнын съезди өткөндө жетекчини кайра шайлаган эмеспиз. Бизде бир эле өзгөрүү болду – Алмазбек Атамбаевдин орун басарлары менен Саясий кеңештин мүчөлөрү алмашкан. Эми паспорттун көчүрмөсү керек деп жатышат. Биз аларга чыныгы КСДП биз экенибизди далилдеген документтердин баарын чогултуп беребиз, анан көрөбүз», -деди Асель Кодуранова.

Ал эми, КСДП төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева Сагынбек Абдрахманов жөнөткөн билдирүүдө мөөр жок экенин билдирди.

«Билсеңер, бул жакта күлкүлүү жагдай жаралып жатат. Партиянын күбөлүгү, Жобосунун түп нускасы, мөөр  - Алмазбек Атамбаевде. Бирок юстиция министри реестрге Сагынбек Абдрахмановду жетекчи катары каттап койду.  Бирок, өздөрү эле «партияны кайра каттоо болгон жок» деп жатышат. Анда партиянын жетекчиси ким деген суроого өздөрү жооп бере албай коюшту. Биз Сагынбек Абдрахманов кандай документтерди калтырганын көрдүк. Ал билдирүүсүн биздин партиянын расмий бланкасына жазган экен, ал бланканы кайдан алганын билбейбиз, балким, аппарат жардам бергендир, бирок бланкасында эч кандай мөөр жок. Анан юстиция министрлиги ошол мөөрү жок баракты документ катары кабыл алып жатат. Мыйзам - биз тарапта. 50 миң мүчөсү бар КСДП Сагынбек Абдрахмановду төрага катары тааныбайт. Бирдиктүү реестрде кайра каттоо болбосо, демек, юридикалык жактан Алмазбек Атамбаев жетекчи катары кала берет», -деди Кундуз Жолдубаева.