10.06.2019 16:24

Юстиция министрлигине реестрде КСДП жетекчисинин аты-жөнүн өзгөртүүгө тыюу салышты

Юстиция министрлигине реестрде КСДП жетекчисинин аты-жөнүн өзгөртүүгө тыюу салышты

Юстиция министрлиги өзүнүн электрондук маалымат базасында КСДП жетекчисинин аты-жөнүн өзгөртө албайт.  Бул туурасында April.kg порталына аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.  

Маалыматка караганда, Сагынбек Абдрахманов КСДПнын ушул жылдын 6-апрелинде өткөн XVIII съездин жараксыз деп табуу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Мындан улам, Биринчи Май райондук соту 7-июнда Юстиция министрлигине бирдиктүү реестринде «Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясына» байланыштуу кандайдыр-бир өзгөртүү киргизүүгө тыюу салган. 

Эскерте кетсек, 18-апрелде Юстиция министрлиги маалымат базасындагы «Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын» документине өзгөртүүлөрдү киргизип, Алмазбек Атамбаевдин аты жазылган жерге КСДПга эч тиешеси жок Сагынбек Абдрахмановдун атын жазып койгон. 

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Юстиция министрлигинин жетекчилерин мындай иш-аракети үчүн жоопко тартууну талап кылып башкы прокурорго кайрылуу жолдогон. 7-майда Башкы прокуратура доо арызды каттоого алып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

25-май күнү партия лидери Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери» жөнүндөгү мыйзамдын күчүнө киргенине байланыштуу КСДПнын төрагалыгынан жана партия мүчөлүгүнөн убактылуу кеткен. Анын ордуна Саясий кеңеш Асель Кодуранованы бекиткен.

28-майда партия өкүлдөрү Юстиция министрлигине партиянын төрагасынын милдетин аткаруучу катары Асель Кодуранованы каттоо арызы менен кайрылышкан.