Залина Үмөталиеванын аянычтуу тагдыры: Жакындары Сооронбай Жээнбековдон жардам сурашат

Залина Үмөталиеванын аянычтуу тагдыры: Жакындары Сооронбай Жээнбековдон жардам сурашат

Борбордогу 5-төрөт үйүнө көз жарганы келип, азыр аянычтуу абалда ооруканада жаткан Залина Үмөталиеванын апасы, туугандары президент Сооронбай Жээнбековдон жардам сурашат. Мындай өтүнүч менен бейтаптын жакындары April.kg порталынын редакциясына кайрылышты.

Туугандарынын айтымында, 34 жаштагы Залина үстүбүздөгү жылдын 7-ноябрында Бишкектеги Адам репродукциясы борборуна (мурунку №5 төрөт үйү) 4-баласын жарык дүйнөгө алып келүү үчүн келген.  Төрөт учурунда аялдын жүрөгү  он мүнөткө токтоп калып, ал комага түшүп калган. Дарыгерлер туура диагноз кое алышкан эмес. МРТ жасашканда гана, мээсине кан куюлганын көрсөткөн.   

«Залинанын бул абалга түшүшүнө 5-төрөт үйүнүн дарыгерлери күнөөлүү деп эсептейбиз. Анткени, кайынсиңдим буга чейин 3 баланы төрөгөн. Төртүнчү баласын - уулун төрөш үчүн 7-ноябрь күнү төрөт үйүнө өзү жакшынакай эле басып келген. Эми мына ушундай абалда жатат. Төрөт үйүндөгү дарыгерлер «Башын операция кылсаңар, өзүбүз карайбыз»,- дешти эле. Республикалык ооруканага алып келип, нейрохирургия бөлүмүнө жаткырып, башына операция жасатып, Залина комадан чыкты. Эми болсо, баягы жардам беребиз дегендер жок, мынтип өзүнүн бир тууган агасы менен апасы карап жатат», -деп билдирди жеңеси Салтанат.

Анын айтымында, Залинаны реабилитациядан өткөрүп, андан ары менчик клиникаларда дарылоо керек. Ал эми, Республикалык оорукананын дарыгерлери колдон келгенин жасашканын айтып, бүгүн-эртең ооруканадан чыгарганы жатышат.

 
Абайлагыла! Сезимтал адамдарга видеону көрүүгө сунушталбайт.
Видеону көрүү үчүн чымчыкчаны басыңыз.

«Дарыгерлер «Мээ кыртышы такыр өлүп калган. Бул адам болбойт, үйүңөргө чыгарып алып кете бергиле, акырындап, үйүңөрдө жатып өлүп калат»,- деп айтышкан эле. Бирок, Залина апасынын ыйлаган үндөрүнө реакция кылып, ыйласа кошо ыйлайт, күлсө күлүп калат. Бул  бизге айыгып кетет деген үмүт берип жатат. Эки айдан берки дарылануусуна 300 миң сомдой акча кетти. Үйү-күрөөдө. Бир туугандары Залинага жардам беребиз дешип, кредит алышкан, азыр аны жабыш керек болуп, кыйналып турган учурлары. Мындан улам, бардык кыргызстандыктарга, алыскы, жакынкы жердештерге кайрылабыз. Төрт баласын жетимсиретпей, ырайым кылып, апасын алып калгыла. Ар бирибиз үчүн 50-100 сом болбогон акча, бирок, Залинанын жашоосун сактап калуучу каражат болуп турат», -дейт жеңеси.  

Ал эми Залинанын апасы, башына баш кошула турган кызынын мындай абалга келип калаарын такыр ойлобогонун айтып, жашыйт.

«Кызымды ушундай абалга келет деп ойлогон эмесмин. Төрөп келем деп, жакшынакай эле кеткен. Анан ушундай ал-акыбалга туш келип калды. Эки айдан бери кайгырып бүтүп калдык. Атабыз 80де, мен 70темин. Залинанын төрт баласы тең менин колумда, үйгө алып барсам кантип багам билбейм. Дагы дарылоо керек болуп атат. Элибиздин ишкер уул-кыздарына, президентибиз Сооронбай Жээнбековго кайрылам. Биз сизди жакшы президент болот деп шайладык элек. Менин силерге кайрылган себебим, кызым ушул ал-акыбалда турат. Мындан аркы дарылануусун улантыш керек. Ушуга жардам берүүңүздөрдү суранам», -дейт мөгдүрөгөн апа. 

Залина Үмөталиеванын тагдырына кайдыгер карабаган жарандар үчүн:

Сурап билүү үчүн номери - 0708787909. Ватсап 0700658200 

Карта номери виза 4172210078915351 

элкарт -  9417219446606141 

Элсом-  0708797809