10.10.2019 10:53

Замир Жоошев: Тергөөнүн башкы максаты -Жолдубаеванын КСДПнын ишин улантуусуна бут тосуу

Замир Жоошев: Тергөөнүн башкы максаты -Жолдубаеванын КСДПнын ишин улантуусуна бут тосуу

Тергөөчүлөрдүн башкы максаты - Кундуз Жолдубаеванын КСДПнын ишмердүүлүгүн улантуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу. Бул туурасында анын жактоочусу Замир Жоошев Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, кечээ прокурор Асель Кодуранованы үй камагына алууну сурангандыктан, сот айыптоочу тараптын өтүнүчүн канааттандырды.

«Бүгүн болсо, прокурор Кундуз Жолдубаевага карата да үй камагына алууну суранат деп ойлобойм. Андай учурда партиянын ишмердүүлүгүн улантуу мүмкүнчүлүгү болот. Үй камагына алууну тандаган күндө да ал Жолдубаева партиянын ишин улантат бекен- ошону байкоо үчүн жасалат. Алар кечээ эле Кундуз Жолдубаеванын макамын шектүүгө өзгөртүүгө ниеттенишкен. Болгону кагаздарын даярдоого техникалык жактан жетишпей калышты», -деп билдирет Жоошев.  

Эскерте кетсек, кечээ, 9-октябрда КСДП төрайымы Асель Кодуранова менен орун басары Кундуз Жолдубаева ИИМде узак убакыт сурак беришкен. Жолдубаеваны бүгүн, 10-октябрда саат 14:00гө кайра суракка келүүгө милдеттендирүү менен кое беришкен. Ал эми КСДП төрайымын үй камагына алышкан. Ошондой эле, Кодурановага кечки саат 22:00дөн эртең мененки саат 6:00гө чейин үйдөн чыгууга, өлкөдөн чыгууга,  телефон жана интернет колдонууга тыюу салышкан.