Замира Сыдыкова: "Баламдын курал аткезчилигине эч тиешеси жок"

Замира Сыдыкова: "Баламдын курал аткезчилигине  эч  тиешеси жок"

АКШда ок атуучу куралдарды аткезчилик жол менен Чечен Республикасына  жөнөтүүгө шектелип  кармалгандардын бири  Кыргызстандын АКШдагы мурунку элчиси Замира Сыдыкованын баласы экени аныкталды. 

Вирджиния штатынын Чыгыш округунун прокуратурасынын маалыматына караганда, 28 жаштагы Тенгиз Сыдыков менен 27 жаштагы Эльдар Резванов 27-февралда кармалган. Аларга ок атуучу куралдарды сатуу, аткезчилик боюнча айыптар коюлду. Шектүүлөр 100дөн ашык курал сатып алып, аларды ашкана буюмдары жана унаалардын отургучтарынын төшөктөрү деп белгилеп, лицензиясы жок Чечен Республикасына  жөнөтүүгө аракет жасашкан. Почтанын кызматкерлери муну полицияга кабарлап, алар мындай жүктөрдү дээрлик ар бир күнү жөнөтүп турушкандыгын билдиришкен.

Замира Сыдыкова болсо, уулу  Теңгиз Сыдыков АКШда IT-компанияда иштей турганын, учурда камакта экенин, бирок, анын  курал жөнөтүүгө тиешеси жоктугун белгиледи.

Элчинин айтымында, баласы бир кездерде Резванов менен бир батирде жашаган. Таанышынын камалганын уккан  Теңгиз иштин чоо-жайын билүү үчүн полиция мекемесине барган.  "Жагдай териштирилгиче деп, аны да камап коюшуптур. Бирок, бул - 72 саатка созулган формалдуу эле кармоо.  Сот кармалгандарга карата айыпты кабыл алуу же кабыл албоо боюнча чечимди эртең кабыл алат. Чындыгында азырынча айыптоочу корутунду жок. Менен баламдын курал-жарак ташууга катышы жок",- дейт Сыдыкова. Ошондой эле, юридикалык жардамга муктаж эмес экенин билдирди. 

Замира Сыдыкова 2005-2010-жылдары Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп иштеген. Учурда «Республика» басылмасынын редактору болуп иштейт.