22.01.2020 10:31

Ж. Акаев: Вице-премьер-министр тез аранын ичинде элден кечирим сурасын

Ж. Акаев: Вице-премьер-министр тез аранын ичинде элден кечирим сурасын

Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин кезектеги отуруму өтүүдө. Анда парламентарий Жанар Акаев сөз сүйлөп, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков отставкага кетип же болбосо чек ара маселеси боюнча митингге чыккандардан тез арада кечирим сураш керек деп билдирди.

"Чек арага жардам бергиле, тактап бергиле" деп чыккан элди акчага чыккандар деп атады. Бул элди мазактоо. Разаков же сот алдында жооп бериши керек, же кызматын тапшырып же бүгүндөн калбай элдин алдына чыгып кечирим сурасын. Факт жок. Баткенден, айыл-ападан келип, радикалдуу сөздөрдү эмес, карапайым элдин талабын айтып жатса акчага чогулгандар деп атады. Бул абдан чоң ката",-дейт Жанар Акаев.

Эске салсак, 21-январда Разаков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып 15-январдагы Бишкектеги митинг акча менен уюштурулган деп билдирген.

"Менин жеке оюмда, алар акча менен чыгарылган адамдар. Эгер «кимдин адамы көп» десеңер мен да адамдарымды чыгарып көрөйүн. Баткенди көтөрөйүн, анда биз элди көтөрүп эле жүрө берели. Мен мамлекеттик кызматкермин, мага андай болбойт",-дейт Жеңиш Разаков.

Мурдараак, 11-январда Баткен районунун Көк-Таш айылынын төрт тургуну «Массалык башаламандык» жана «Ээнбаштык» беренелери боюнча шек саналып, бир айга камакка алынышкан.  Тиешелүү чечимди Кадамжай райондук соту 13-январда чыгарган.  

Эске салсак, 15-январда Жогорку Кеңештин алдында кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселени чечүү, Көк-Ташта кармалгандарды бошотуу тууралуу талап менен нааразылык акциясы өткөн. «Чек ара» коомдук бирикмесинин мүчөсү Бекназар Айталиев акцияга чыккандар бийликке алты талап коюп жатышканын, арасында Разаковду кызматтан алуу талабы да бар экенин айткан.