22.05.2019 14:02

Жабырлануучулар ЖЭБ боюнча соттолуп жаткандар кандай зыян келтиргенин айтып бере алышкан жок

Жабырлануучулар ЖЭБ боюнча соттолуп жаткандар кандай зыян келтиргенин айтып бере алышкан жок

Жабырлануучу катары чыгып жаткан «Электр станциялары» ААК өкүлү Бишкек ЖЭБ жаңылоо иши боюнча соттолуп жаткандар мамлекетке чыгым алып келгенби деген суроого жооп бере алышкан жок. Бул туурасында бүгүн, 22-майда Свердлов райондук сотунда болуп жаткан соттук отурумда белгилүү болду. 

Процесстин жүрүшүндө жактоочулар: «соттолуучулар тарабынан мамлекетке зыян келтирилдиби?»- деген суроо салышты. «Электр станциялары» ААК өкүлү Урматбек Камбаров бул суроого жооп бере алган жок.

«Тергөө чыгымды аныктады. Биз өзүбүз кандай чыгым келгенин аныктаган жокпуз. Биз тергөө менен макулбуз», - деди Камбаров. 

Андан сырткары, Камбаровдун айтымында, компания жабырлануучу катары өтүп жатканын тергөөчүдөн угушкан.