30.05.2018 13:05

Жакынкы бир саатта катуу шамал күтүлөт. Сак болуңуздар

  Бишкекте катуу шамал (1 материал)
Жакынкы бир саатта катуу шамал күтүлөт. Сак болуңуздар

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка караганда, жакынкы 1 саат аралыгында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө  болжол менен ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал катталышы мүмкүн. Андан улам, ӨКМ жарандарды сак болууга чакырат. 

Мына ушундай эле катуу шамал аталган аймактарда кечинде дагы  жүрөт. Андыктан, зарылдыгы жок болсо, көчөгө чыкпай туруу жана унааларды бактын түбүнө токтотпоо сунушталат. 

Катуу шамал электр жарыгын дагы үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн.