Жакшы кабар! Мамлекет ата-энелерге менчик бала бакчанын жарым баасын төлөшөт
Ушул жылдын 1-июнунан тартып Бишкек шаарында мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө социалдык долбоор башталат. Билим берүү жана илим министрлиги кабарлагандай, долбоордун алкагында мамлекет жеке менчик бала бакчалар көрсөткөн кызмат үчүн ата-энелердин төлөмдөрүнүн 50 пайызын өзүнө алууга даяр.
Социалдык кызмат үч жаштан беш жашка чейинки курактагы балдарга каралган. Ага көп балалуу үй-бүлөлөр (5 жана андан көп бала), аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, баккан адамынан айрылган, үй-бүлөнүн жалпы кирешеси 12 миң сомдон кем болгон кожолуктар, атасы же энеси I же II топтогу майып болгон балдар, ата-энесинин бирөө же экөө тең мамлекеттик, муниципалдык кызматкер болуп, алардын ар биринин орточо айлык акысы 12 миң сомдон ашпаса катыша алат.
Ал үчүн ата-энелер өтүнмөлөрүн Билим берүү жана илим министрлигине жибериши керек. Өтүнмөнүн формасы жана керектүү документтердин тизмеси министрликтин сайтында (edu.gov.kg) бар.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: