31.01.2019 10:54

Жакшы жаңылык! Бишкекте балдар үчүн акысыз робототехника ийрими ачылат

Жакшы жаңылык! Бишкекте балдар үчүн акысыз робототехника ийрими ачылат

Бишкекте балдар үчүн акысыз робототехника ийрими ачылат. Бул туурасында Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Ийримдин максаты – окуучулардын техникалык чыгармачылыкка кызыгуусун жогорулатуу, техникалык чыгармачылык борборлордун жетекчилеринин санариптик сабаттуулугун арттыруу, кошумча билим берүүчү уюмдардын окутуу процессинде педагогдордун робототехника боюнча билимдерин өркүндөтүү. Ага 5 жаштан 17 жашка чейинки балдар келип, катышса болот. 

Иш-чаранын жүрүшүндө LEGO, LEGO Wedo, LEGO EV3 боюнча роботторду программалаштыруу жана жыйноо мастер-класстары өткөрүлөт.

Ошондой эле көрүүсү жана угуусу начарларга жарыяланган адабий чыгармалардын жеткиликтүүлүгүн жеңилдетүү тууралуу Марракеш келишимине ылайык, «Азиздер жана дүлөйлөр» коомуна жардам иретинде жана кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармаларын жайылтуу максатында Кыргызпатенттен чыккан 42 китептин электрондук варианты белекке берилет.

Маалыматта ийримге бардык каалоочулар келсе болоору айтылган.

Өтө турган күнү, убактысы: 1-февраль, саат 14:00

Өтө турган жери: Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасынын конференц-залы, 2-кабат, Эркиндик бул., 58-а