06.09.2019 13:06

Жакшылыктын үрөнүн сээп. Каракол шаардык милициясы ата-балага жардам берди

Жакшылыктын үрөнүн сээп. Каракол шаардык милициясы ата-балага жардам берди

Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык милициясы уулун жалгыз тарбиялап келген атанын көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөштү. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Каракол шаарынын 53 жаштагы тургуну баласын 3 айынан бери жалгыз багып келген. Быйыл 9 жашка толуп, 2-класска бара турган уулун мектепке даярдоодо кыйынчылыктар жаралган. Ата-баланын көйгөйү тууралуу угуп калган Каракол шаардык милиция кызматкерлери өз каражаттарына Иманга мектеп формасын, окуу куралдарын, рюкзак алып беришти.

Белекти тапшырып жаткан маалда милиционерлер үй-бүлө пайдаланган электр жарыгы үчүн карызын төлөй албагандыктан, 8 жылдан бери караңгы үйдө жашап келгенин угушкан. Бул тууралуу Каракол шаарынын РЭСине кабарланып, абалды туура түшүнгөн кызматкерлер ошол эле күнү жарыкты жандырып беришкен.

«Иман алган белектерине сүйүнүп калды. Милиция кызматкерлери ага акыл-насааттарын айтып, жакшы окуп, атасынын ишенимин актоого үндөштү», -деп айтылат маалыматта.