23.11.2018 16:48

Жактоочу: Албек Ибраимовдун иши декабрдын аягына чейин сотко өткөрүлөт

Жактоочу: Албек Ибраимовдун иши декабрдын аягына чейин сотко өткөрүлөт

Бишкектин мурунку мэри Албек Ибраимовго акыркы айыпты тагышты. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев билдиргенин 24.kg маалымдады.

Слесаревдин айтымында, бүгүн тергөөчүлөр Албек Ибраимовго эки берене — «Коррупция» жана «Алдамчылык» боюнча күнөө коюшту. 

«Расмий алганда тергөөнүн мөөнөтү 28-декабрда бүтөт. Албек Ибраимовго болгону акыркы бириктирилген айып тагышты —  «Дастан» заводу боюнча иште алдамчылык жана жер тилкелерин муниципалдык менчиктен мыйзамсыз чыгаруу ишиндеги коррупция боюнча. Декабрдын аягына дейре ишти сотко өткөрүп беришет окшойт», — деди Сергей Слесарев.

Албек Ибраимовду «Дастан» ишканасынын  мүлкүн коротуу жана өзүнө ыйгарып алуу фактысы боюнча 171-берене менен козголгон кылмыш ишине шектүү катары кармашкан. 

Ошондой эле, тергөөнүн божомолунда мэриядагы башка жооптуу кызматта отурган адамдар менен биргеликте борбордун түштүк тарабында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз жеке жактарга берген.