25.09.2019 11:52

Жактоочу Атамбаевдин жан сакчысынын камалышы тууралуу: Кыргызстанда сандырактыктын чеги жок

Жактоочу Атамбаевдин жан сакчысынын камалышы тууралуу: Кыргызстанда сандырактыктын чеги жок

Жактоочу Замир Жоошев соцтармактарда экс-президент Алмазбек Атамбаевди кайтарган УКМКнын Мамлекеттик күзөт кызматынын мурунку кызматкери Канат Сагымбаевдин камакка алынышына карата пикирин билдирди, деп жазат Knews.

Жактоочу Сагымбаевдин камакка алынышын «Кыргызстанда сандырактыктын чеги жок» деп баалаган.

«Эгерде кызматтык милдетин аткарганы үчүн камакка алып жатышса, кыйчалыш учурларда Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери эмне болоорун ким билет. Эгер каатчылык жаралганда, Сооронбай Жээнбековдун жан сакчылары аны таштап кетип, коргоосуз калтырса, таң калбагыла»,-деп жазат жактоочу. 

Кечээ Канат Сагымбаевге кылмышка шектелип жатканы тууралуу эскертүү берилди. Ал КР Жазык кодексинин 4 беренеси боюнча козголгон кылмыш иштерине катыштыгы бар делинүүдө. Мамлекеттик күзөт кызматынын мурунку кызматкерине «Массалык башаламандык», «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Адамдар тобу жасаган киши өлтүрүү», ошондой эле, «Тергөөчүнүн же башка кызмат адамдарынын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу» беренелери менен айыптар тагылды. 25-сентябрга оогон түнү Сагымбаев 48 саатка камакка алынды. 

«Ал күнү Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн ичинде эмне болгонун баары билет -  Канат экс-президентти кайтарып жүргөн, ал эми беткап кийген адамдар Атамбаевди кармамакчы болуп чогулушкан. Ал беткапчандар кимдер эле? Аны экс-президент дагы, анын жан сакчысы дагы билген эмес. 

Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкери алардын спецназ экенин билген күндө дагы, аларга экс-президентти кармап, өткөрүп бере алмак эмес. Анткени анын алдына «ОБЪЕКТТИ»  кайтаруу тапшырмасы коюлган жана УКМКнын 9-кызматы Канаттан бул тапшырманы алып салган эмес», -деп жазган буга чейин Замир Жоошев.

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысын 9-кызматтан камакка алуу максатында бошотуп салышты. Бул туурасында КСДП төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди. 

«УКМКнын жетекчилиги жансакчыга 2 жолу бут тосту. Биринчиси -  7-августта Канат Сагымбаевди посттон чакырып албаганда. Жансакчы корголуучу объектти акырына чейин коргоого милдеттүү болчу. Экинчи жолу- аны кызматтан алып салганда. УКМК буга болбогон бир себеп таап чыкты. Ошондо УКМК Канат Сагымбаевди коргоо боюнча жоопкерчиликтен качып, жумуштан алып койду», -деди Кундуз Жолдубаева.

Ал эми КСДП Саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков Атамбаевдин жан сакчысынын камакка алынганы тууралуу кабарга төмөнкүдөй пикир калтырды: 

«Канат Сагымбаев өз милдетин ак ниеттүүлүк менен аткарды, аны мыйзамды бузбай, Атамбаевди кылмыштуу чабуулдан коргогону үчүн камап койгулары келип жатат. Бул бийликтин адамдарды коркутуу үчүн кылган дагы бир аракети, мындай жол менен алар элдин каарына тийип жатышат! Мен бийликти өзүнүн ансыз деле кейиштүү абалын мындай жоруктары менен ого бетер начарлантпай, экономика жаатында көбүрөөк иштөөгө чакырат элем!».