11.10.2019 12:07

Жактоочу: Батукаевдин ишинде Атамбаевге каршы эч нерсе жок

Жактоочу: Батукаевдин ишинде Атамбаевге каршы эч нерсе жок

Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча Биринчи Май райсотунда бүгүнкүгө белгиленген алгачкы угуулар 14-октябрга саат 14:00гө жылдырылды. Бул туурасында кабарчыларга экс-президенттин жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү отурумдун токтотулушуна Алмазбек Атамбаевдин сотко келүүдөн баш тартканы себеп болгон.

«Алмазбек Атамбаев буга чейин эле бийлик ойлоп тапкан оюнга катышууну каалабай турганын билдирген. Андан улам бүгүн келүүдөн баш тартып, отурум жылдырылды. Мен  сот дароо эле кылмыш процессин бузуулар менен баштаганын белгилеп кетким келет. Ал менин жардамчымды залдан чыгарып жиберди. Менин жардамчым мыйзамга ылайык, өзүнүн функцияларын аткарып жаткан болчу», -деди жактоочу.

Ал ошондой эле учурда бул кылмыш иши боюнча төрт гана фигурант калганын, калгандары тергөө менен кызматташууга макул болгонун билдирди.

«Мындай учурда алар 15 жылга эркинен ажыратылбай, айып төлөө менен гана чектелишет. Бирок алардын тергөөгө берген көрсөтмөсүндө Алмазбек Атамбаевге каршы эч нерсе жок», -деди Сергей Слесарев.