14.10.2019 15:05

Жактоочу: Экс-президент соттук отурумдун ансыз улана беришине макул

Жактоочу: Экс-президент соттук отурумдун ансыз улана беришине макул

КР экс-президенти Алмазбек Атамбаев сотко катышуудан кайра баш тартты. Бул туурасында жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Аны менен бирге жактоочу экс-президент соттук отурумдун анын катышуусусуз өтүшүнө макулдук бергенин билдирди.

«Биз эми процессти Алмазбек Атамбаевдин катышуусусуз өткөрө берүү өтүнүчүн келтиребиз. Ал бул сотко катышпайт, анткени, болуп жаткан окуялардын баарын мыйзамсыз деп эсептейт», — деди юрист.

Адвокаттар сот айыпталуучуну мажбурлап алып келүү тууралуу чечим чыгарышы мүмкүн экенин да белгилешти. 

«Атамбаев камерадан чыгуудан баш тартып жатканы—бул укуктук вакуум. Муну кантип чечишет, биз билбейбиз. Бирок Алмазбек Атамбаевдин орду ал жерде эмес эле», — деди адвокат Сергей Слесарев.

Жактоочу Замир Жоошев болсо, Алмазбек Атамбаевдин кан басымы түшүп кеткенин, эгер соттук отурумга күчтөп алып бара турган болушса, ачкачылык жарыялоо ою бар экенин билдирди.