09.07.2019 11:23

Жактоочу: ИИМде Атамбаевди суракка чакырганга негиз жок

Жактоочу: ИИМде Атамбаевди суракка чакырганга негиз жок

КР экс-президенти Алмазбек Атамбаев Азиз Батукаевдин иши боюнча күбө катары чакыртылган болушу мүмкүн. Бул тууралуу Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев билдирди. 

Анын айтымында, ИИМде Атамбаевге суракка чакыруу кагазын тапшыруу тургай, аны жазууга негиз жок болчу, анткени Алмазбек Атамбаев кол тийбестикке ээ жана анын иммунитети бар. Ал эми токтом болсо, юридикалык жактан алып караганда, мыйзамдын алдында түккө татыбайт. 

2003-жылы КР президентинин макамы тууралуу мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр Атамбаевге тиешеси бар жана ал иммунитетке ээ. Анын үстүнө Конституцияга ылайык, мыйзам өткөн мезгилге карата иштебейт. Демек, ИИМдин чакыруу кагазы аткарууга жатпайт. 

Жактоочу белгилегендей, экс-президент бүгүн саат 10:00дө ИИМге барбайт, өзү болсо, жактоочусу катары ИИМге мыйзамдын беренелерине шилтемелерди келтирүү менен Атамбаевдин кол тийбестиги бар экенин көрсөткөн тиешелүү катты калтырат.

«Тилекке каршы, ИИМдин кагазында Алмазбек Атамбаевдин кайсы иш боюнча чакырып жатышканы көрсөтүлбөптүр. Бирок мен Батукаевдин иши боюнча го деп божомолдоп жатам», - деген Сергей Слесарев.