03.04.2019 14:08

Жактоочу: Тергөө Айбек Калиевге мурунку өлкө башчысына каршы көрсөтмө берүүнү сунуштаган

Жактоочу: Тергөө Айбек Калиевге мурунку өлкө башчысына каршы көрсөтмө берүүнү сунуштаган

Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча ачылган иште айыпталып жаткан Айбек Калиевге басым жасалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде жактоочу Бактыбек Жумашев «ЖЭБдеги авария боюнча чындык. Сот материалдары боюнча» аттуу маалымат жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

«Мен жактоого алган адам өлкөнүн мурунку жетекчилигине каршы көрсөтмө алуу үчүн ага карата басым болгонун билдирди. Кимдер экенин айтпай эле коеюн. Бирок, Айбек Калиев андай көрсөтмө берүүдөн баш тартты. Көрсөтмө берсе, баш коргоо чарасын өзгөртүүнү сунушташкан», - деди ал.

Соттук териштирүүнүн узарып кеткени боюнча, жактоочу отурум жумасына 2 жолу болуп, бир күн бою уланып жатканын билдирди.