22.05.2019 13:32

Жактоочуларга шарт түзүлгөн эмес. Нурбек Токтакунов ишти кароону токтотууну суранды

Жактоочуларга шарт түзүлгөн эмес. Нурбек Токтакунов ишти кароону токтотууну суранды

Адвокаттар шарт жок абалда иштеп жатышат. Бул соттук отурумдардын ачык-айкындуулук принцибин бузгандык, деп билдирди Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов ЖЭБ боюнча ишти кароо учурунда. 

Ал жактоочулардын иштегенге шарттары болуш үчүн кененирээк жай сурады. 

«Мисал үчүн, прокурорлор столдо ноутбук коюп отурушат. Ал эми жактоочулар столу жок, отургучтарда отурушат.  Атаандаштык принцибин камсыз кылуу үчүн сот процессин токтотуу керек», - деди ал. 

Прокурорлор бул сунушка: «жактоочулар жылышып, кесиптештерин жандарына батырып алышса болот да»,- деп жооп беришти. Сот өтүнүчтү четке какты. Анын айтымында, ишти улантууга шарт бар жана батышып отурса болот. 

Бишкектин Свердлов райондук сотунда бүгүн, 22-майда ЖЭБ жаңылоо боюнча козголгон кылмыш ишин кароо уланып жатат.