05.05.2020 13:49

Жал кичи районунда жеңил унаадан өрт чыкты

Жал кичи районунда жеңил унаадан өрт чыкты

Калаадагы «Жал» кичи районунда жеңил авто унаадан өрт чыкты. Бул туурасында күбөлөр кабарлашты.

Окуя бүгүн 11:30 чамасында жүз берген. Күбөлөрдүн айтымында окуя болгон жерге өрт өчүрүү кызматы үч мүнөттөн кийин келди.

Куткаруучулар келгенге чейин автомобилдеги жалынды басууга жергиликтүү тургундар жардам беришкен.
Өрт тутанган учурду өзгөчө кырдаалдар министрлигинен дагы тастыкташты. Алардын маалыматына караганда өрт өчүрүү кызматына билдирүү саат 10:30 да түшкөн. Саат 11:05 өткөндө өрт чектелген.

Унаадан өрт чыккан учурдун видеосун «Сейчас.KG» Telegram-каналы жүктөдү.