«Жал» кичи районундагы мушташ. Чындыкты жашырган эки милиционер камакка алынды
«Жал» кичи районундагы мушташтын күнөөкөрлөрүн жашырууга аракет кылган эки милиция кызматкери камакка алынды. Бул тууралуу УКМК маалымат кызматынан билдиришти.
Эскерте кетсек, 2019-жылдын 28-августунда Бишкек шаарындагы Ахунбаев-Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ярмарка» дүкөнүнүн жанында К.Сеитбеков жана Ж.Бапышов тарабынан У.Белеков жана А.Молдожиевдер катуу токмоктолгон.
Бул окуядан кийин жерине Чүй облусунун ШИИБ КМК уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери К.Бапышов кылмышты өз убагында аныктоого тоскоолдук кылуу максатында барып жана Бишкек шаардык ШИИБ милициянын күзөттөгү кайгуул кызматынын экипажы менен сүйлөшүп алып, аталган кылмышка катышкан адамдардын изин жашырышкан.
Бул окуя Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү жана 348-берененин 1-бөлүгү боюнча катталып, тергөө иштери КР УКМК Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген.
2019-жылдын 6-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жазык- процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, айтылган кылмыштарга шектүү катары Бишкек шаардык ШИИБ милициянын күзөттөгү кайгуул кызматынын экипажы Э.С. жана М.К. кармалышты.
Кармалгандар Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти. Тергөө иштери жүрүп жатат.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: