09.09.2019 09:40
«Жал» кичирайонундагы мушташка шектүүлөр 1-тергөө абагына киргизилди
Бишкектеги «Жал» кичирайонундагы мушташтын шектүүлөрүн № 1 тергөө абагына киргизишти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечимди Свердлов райондук соту кабыл алды.
Эске салсак, 28-августта Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ярмарка» супер маркетинин жанында мушташ болуп, 2 жаран катуу сабалган. Анын бири комадан чыкты, экинчисине операция жасалды. Кийин шектүүлөр издөөгө алынып, алар милицияга өздөрү келишкен. Шектүүлөрдү кое берип жиберген кызматкерлерге кылмыш иши козголду.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: