18.04.2018 10:18

Жалал-Абад базарында чыккан өрт ишкерлерге 630 млн сом өлчөмүндө зыян алып келген

Жалал-Абад базарында чыккан өрт ишкерлерге  630 млн сом өлчөмүндө зыян алып келген

Бүгүн Жогорку Кеӊеш Бишкек шаарындагы Ош базарында чыккан 3 өрттүн жана Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында болгон өрттөрдүн себептери жөнүндө маселени  өкмөт мүчөлөрү жана кырсыктан жабыркаган соодагерлердин  катышуусунда талкуулап жатат. 

Өрттүн чыгуу себептерин аныктоо жана анын кесепетин жоюу чаралары жөнүндө маалымат берген вице-премьер-министр Санжар Муканбетовдун айтымында, Ош базарындагы 30-январда болгон өрттөн 3,5 миӊ чарчы метр, 5-марттагы өрттөн 2 миӊ чарчы метр, 13-апрелдеги өрттө 2 миӊ чарчы метр соода жайы күйгөн. «Өкмөт тарабынан өрттөн жабыр тарткандарга колдоо көрсөтүү тарабынан токтом кабыл алынып, мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Азыр жабыр тарткан жарандардын саны такталууда. Алдынала маалыматтарга караганда, 74 ишкердик субъект 17 млн сом көлөмүндө зыян тарткан», - деди ал.

Ал эми Жалал-Абад шаарынддын борбордук базарында чыккан өрттөн 359 ишкер 630 млн сом өлчөмүндө зыян тартканы белгилүү болду.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков 17-январда Ош базарындагы өрттөн жабыр тарткан жарандарды кабыл алып, кыргыз парламенти тарабынан аларга колдоо көрсөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берүү менен бирге, бул маселе талкуулана турган парламент жыйынынын ишине катышууга чакырган болчу.