28.01.2019 16:30

Жалал-Абад облусунун тургундары 5 кг гашиш жана 500 миң сом менен кармалышты

Жалал-Абад облусунун тургундары 5 кг гашиш жана 500 миң сом менен кармалышты

Жалал-Абад облусунда баңги каражатын жайылткандар кармалды. Бул туурасында ИИМ маалымат кызматынан билдиришти.

«Токтогул районунан гашиш сатып жаткан учурда шектүү катары эки жаран кармалды. Алар Жалал-Абад облусунун 30 жаштагы тургуну  Ш.уулу И., жана 29 жаштагы тургуну  К. уулу Т. аттуу тургундары экени такталды.  Өздүк кароо жүргүзүү учурунда 5 килограмм 415 граммды түзгөн жашыл-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат  жана жарым миллиондон ашык акча каражаттары табылып алынган», -деп жазылат маалыматта.

Алынган заттын гашиш экени аныкталып,  учурда жогорудагы кылмышка тиешеси бар башка жарандарды кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.