11.04.2019 10:16

Жалал-Абад ОИИБ: Баңгизат менен кармалган жаранды милициялар сабаган деген маалымат чындыкка дал келбейт

Жалал-Абад ОИИБ: Баңгизат менен кармалган жаранды милициялар сабаган деген маалымат чындыкка дал келбейт

Күн мурун айрым ЖМКларда жана социалдык тармактарда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборуна шилтеме берүү менен милициялар сабаган баланын денесиндеги калган тактарды врачтар катташпагандыгы тууралуу маалымат тараган. Анда, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы баңгизатын сактоо үчүн кармалган Токтогул районунун жашоочусу жолдон сабалгандыгы, врачтар анын денесиндеги жаракаттар жоктугун айтышкандыгы маалымдалган.

Ушуга байланыштуу, Жалал-Абад ОИИБси тактоо киргизүү максатында маалымат таратты. Ага караганда, 1-апрель күнү Токтогул районунун 26 жаштагы тургуну Н.А. 1 килограммдан ашык гашиш менен кармалган. Бул факты боюнча КР Жазык кодексинин 267-беренеси (Баңгизаттарды, акыл-эске таасир берүүчү каражаттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен сотко чейинки иликтөө башталган.

«Шектүү жаран кармалгандан кийин Жалал-Абад ОИИБге жеткирилип, аны жолдон эч ким сабабагандыгын маалымдайбыз. Убактылуу кармоочу жайга камоодон мурда  врачтар анын денесин текшерип, жаракат жоктугу тууралуу тактама берген. Соттун чечими менен ал эки айга камакка алынган. Бир күндөн кийин ал сабалганын айтып баштаган. 3 күндөн кийин келишкен Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунун кызматкерлери денесинде табылган тактарды тартып каттап кетишкен.

«Бул жаранды камай электе денесинде эч кандай жаракаттар болгон эмес жана ага кыйноолор менен катуу чаралар көрүлгөн эмес. Кармалган жарандын бул кылыгы кылмыш жоопкерчилигинен качуу катары бааланып жатат жана адаштыруу аракети көрүлүп жаткандыгын белгилейбиз», -дешет облустук ИИБден.

ОИИБ ошондой эле, Н.А. 2017-жылы 4 жылга эркинен ажыратылып, жаза мөнөөтүн өтөп жатканын жана учурда толук жаза мөнөөтүн өтөп бүтө электигин билдирет.  Маалыматка караганда, шектүү шаардык жогорку окуу жайлардын биринде юриспруденция багыты боюнча окуп жатып, баңгизатка байланышкан терс көрүнүшү үчүн окуудан чыгарылган. Андан сырткары, Россия Федерациясынын аймагынан мыйзамсыз иш-аракеттерди жасагандыгы үчүн  издөөдө жүрүп, ал жактан өз өлкөсүнө чыгарылган.