07.02.2019 10:16

Жалал-Абад шаарында курал-жаракты мыйзамсыз сактоого шектелген кылмыштуу топ мүчөлөрү кармалды

Жалал-Абад шаарында курал-жаракты мыйзамсыз сактоого шектелген кылмыштуу топ мүчөлөрү кармалды

Жалал-Абад шаарында ок-дары жана атуучу курал сактоого шектелген кылмыштуу топтун 9 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, облустук ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматы уюшкан кылмышкерлер тобу, алардын ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактап жүрүшкөндүгү тууралуу маалымат алышкан. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

«5-февраль күнү Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи шаарчасындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бирине тинтүү жүргүзүлдү. Тергөө-оперативдүү тобу барган учурда аталган батирдин ичинде 9 киши отурган. Алардын арасында бирөө гана мурда соттолбогону аныкталды. Калганы мурда оор кылмыштарды жасап сот жообуна тартылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экени белгилүү болду. Тинтүү жүргүзгөн учурда батирден колго жасалган ок атуучу курал, 10-65 калибрдеги 8 даана ок-дарылар алынып, баллистикалык экспертиза дайындалды», - деп айтылат маалыматта.

Тергөө учурунда ок атуучу курал мурда тоноочулук жасап соттолгон Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Чангыр-Таш айылында 1988-жылы туулган Т.Ы.га таандык экендиги такталган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кармалган 8 жаран боюнча да тергөө амалдарын жүргүзүүдө. Алардын бири 1993-жылы Кадамжай районунда туулган Ш.уулу.З. Ал бирөөнүн унаасын өз алдынча ээлеп алуу, уурулук, тоноочулук жана киши өлтүрүү менен соттолгон. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кызыл-Кыядагы бөлүмү тарабынан издөөдө жүргөнү маалым болду.