22.11.2018 14:53

Жалал-Абадда балдарды уруп-соккон тарбиячы жумуштан кетирилип, бакча жетекчиси сөгүш алды

Жалал-Абадда балдарды уруп-соккон тарбиячы жумуштан кетирилип, бакча жетекчиси сөгүш алды

Жалал-Абад шаарындагы №21 бала бакчада балдарды уруп, малга салыштырып, орой мамиле кылган тарбиячы жумуштан кетирилди. Бул туурасында аталган шаардын Билим берүү башкармалыгынан  билдиришти.

Маалыматка караганда, тарбиячы бул кызматта 5 жылдан бери иштеп келген. Анын балдарга кылган мамилесин тасмага тартып, интернетке жайылтып жиберген жардамчысы 3 ай мурун бул ишке орношкон. Ал да бошотулду. Ал эми, бала бакча жетекчиси сөгүш алды.

«Тарбиячы сабаган кыздын апасы милицияга арыз менен кайрылган. Мындан улам, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен бакча жетекчилигине жана тарбиячыга укуктук баа берилет», - дешет мекемеден.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда, ЖМКларда Жалал-Абад шаарындагы бала бакчалардын биринде тарбиячы кичине балдарга орой мамиле кылып, чапканы тартылган тасма тараган.