18.02.2019 14:59

Жалал-Абадда барымтага алынган адам үчүн 20 миң доллар талап кылган кылмыштуу топ мүчөсү кармалды

Жалал-Абадда барымтага алынган адам үчүн 20 миң доллар талап кылган кылмыштуу топ мүчөсү кармалды

Жалал-Абад шаарынан бир кишини уурдап кетип, туугандарынан 20 миң доллар талап кылган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул туурасында ИИМден билдиришти. 

Маалыматка караганда, ушул жылдын 12-февраль күнү милицияга Жалал-Абад шаарынан белгисиз адамдар 28 жаштагы Сузак районунун жашоочусун уурдап кетишип, акча талап кылып жатышкандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Туугандары болсо, кылмышкерлер жабырлануучуну күч колдонуп «Хонда Фит» үлгүсүндөгү автоунаага салышып, белгисиз тарапка алып кетишкендигин билдиришкен.

Бир аз убакыт өткөндөн кийин кылмышкерлер туугандарына чалышып, 20 000 АКШ долларын талап кылышкан. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жалал-Абад ШИИБдин Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки иликтөөлөр башталган.

Болжолдуу алынган маалымат боюнча белгисиз жарандар Сузак районунун жашоочусун алдоо жолу менен көчөгө чыгарышып, андан соң сабашып, автоунаага салып кетишкен. Жабырлануучунун досу жардам берүүгө аракет кылганда аны дагы сабап, уюлдук телефонун тартып алышкан. Күбөлөр тарабынан көрсөтүлгөн «Хонда Фит» үлгүсүндөгү автоунаанын мамлекеттик номурун текшерүүдө уурдалган болуп чыккан.

Жакында кылмыштын издери Бишкек шаарына алып келген. 13-февраль күнү болжол менен 23:00 чамасында шаардын кичирайондорунун бириндеги батирде жардам берүүгө чакырган үн чыгып жаткандыгы тууралуу Бишкек ШИИББдин «102» кызматына кабарлашкан.

Окуя болгон жерге Биринчи Май РИИБдин ыкчам-тергөө тобу барышып, жогоруда көрсөтүлгөн батирде барымтага алынган эркек адам бар экендигин аныкташкан. Төрт кылмышкер барымтага алышкан адамды батирде мыйзамсыз кармап жүрүшкөндүгү маалым болгон.

Кылмышкерлер сыртка чыгып кеткенде, жабырлануучу байланган колун бошотуп, жардам сурап кыйкырып баштаган.

Аталган мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар делген жактарды тыкыр текшерүүнүн натыйжасында шектүүлөр айдап жүргөн автоунааны тактоого мүмкүн болгон. Жакында жогорудагы кылмышты жасоого шектелгендерди бирөөсү кармалды. Ал 1998-жылы Ош облусунун Өзгөн районунда туулган З.Б. аттуу жаран болуп чыкты. Болжолдуу маалымат боюнча ал Россиянын аймагында жасаган кылмыш иши үчүн мурда соттолуп, кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Азыркы убакта бул кылмышка шектелген дагы үч жаранды кармоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.