08.01.2019 09:41

Жалал-Абадда депутат абакка баңгизат киргизүүгө аракет кылды

Жалал-Абадда депутат абакка баңгизат киргизүүгө аракет кылды

Жалал-Абадда Арал айылдык кеңешинин депутаты № 10 түзөтүү колониясына баңгизатын киргизүүгө аракет кылды. Бул туурасында аймактын ИИБинин маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматта, 42 жаштагы О.А. абакта жаза өтөп жаткан тууганына келгени айтылат.

«Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Баңгизаттарын мыйзамсыз сактоо» беренеси боюнча кылмыш иши ачылды. Депутат кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бирок Жалал-Абад шаардык соту аны үй камагына кое берди», — деп билдиришет ИИБден.