18.04.2018 12:46

Жалал-Абадда кудукка түшүп кеткен бала куткарылды

Жалал-Абадда кудукка түшүп кеткен бала куткарылды

Жалал-Абад шаарында куткаруучулар 2005-жылкы баланы кудуктан чыгарууга жардамдашты. Бул туурасында аталган  облустагы ӨКМ башкармалыгынын жетекчиси Абдишарип Бекилов билдирди.

“Кудуктун тереңдиги болжол менен 7 метр, ал  Курманбек  көчөсүндө жайгашкан. Балдар бул жакка ойногону келишкен, бирөө кудукка тушүп, кайра чыга албай калган. Биздин куткаруучулар  альпинисттик шаймандардын жардамы менен өспүрүмдү кудуктан чыгарып, ата-энесине өткөрүп беришти. Мектеп окуучусу эч жерин кокустатып алган эмес”,- дейт  А.Бекилов.