21.06.2019 10:30

Жалал-Абадда Соцфонд кызматкери пара менен кармалды. Ал пенсияга чыгаруу үчүн акча сураган

Жалал-Абадда Соцфонд кызматкери пара менен кармалды. Ал пенсияга чыгаруу үчүн акча сураган

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Социалдык фонддун жетекчиси улгайган аялдан пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында Каржы полициясынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына Р.М. аттуу аял арыз менен кайрылган. Ал Сузак  райондук Соцфонддун кызматтагы адамдары пенсияга чыгаруу үчүн акча сурап жатышканын билдирген. Арыз Бирдиктүү реестрде катталып, «Пара талап кылуу» боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. 

«Анын жүрүшүндө Соцфонд жетекчисинин орун басары  А.У. документтерди толтуруп бергени үчүн 22 миң талап кылып жатканы аныкталды. Буга чейин аял 13 миң сомго жакын акча берген экен. 19-июнь күнү А.У. кошумча 10 миң сом алып жаткан жеринен өз кабинетинде кармалды», — деп айтылат маалыматта. 

Кармалган адам Жалал-Абад ИИББ убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бүгүн, 21-июнда тергөө анын бөгөт коюу чарасын аныктайт.  Иш боюнча сотко чейинки өндүрүш  уланууда.