06.08.2018 16:35

Жалал-Абадда жайлоого түшкөн чагылгандан 158 баш кой-эчки кырылды

Жалал-Абадда жайлоого түшкөн чагылгандан 158 баш кой-эчки кырылды

Жалал-Абад облусундагы Шылдырак жана Кыз-Көл жайлоосуна чагылган түшүп, 158 баш кой-эчки өлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-август күнү саат 02:30 чамасында Токтогул районунун Үч-Терек айылына караштуу Шылдырак жайлоосуна чагылган түшкөн. Анын кесепетинен М.М. аттуу жарандын короосундагы 41 баш кой-эчкиси өлгөн. Алардын отуз беши эчки жана  алтоо кой болгон. Окуя болгон жерге райондук ветеринардык кызматынан 1 жана айыл аймагынан 2 кызматкер барган. Өлгөн кой-эчкилерди 5-август күнү тартылган күчтөрдүн жардамы менен жерге көмүшкөн.

Ушундай эле кырсык Сузак районуна караштуу Кыз-Көл айыл аймагындагы Чал жайлоосунда катталган. Аймакка 3-август күнү саат 02:30 чамасында чагылган түшүп, А.М. жана З.М. аттуу жарандардын короосунан жалпы 117 баш кой өлгөн.