25.04.2018 11:48

Жалал-Абадда жергиликтүү тургун суудан ажал тапты

Жалал-Абадда жергиликтүү тургун суудан ажал тапты

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун 42 жаштагы тургуну Узун-Акмат суусуна түшүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, 24- апрелде болжол менен саат 13:05 чамасында Чоң-Арык айылынын 1976-жылы туулган М. К. аттуу тургуну Узун-Акмат суусуна түшүп кеткен.

Жаранды сактап калууга № 97 куткаруучу отряд тартылып, бирок үлгүрүшкөн эмес. Суудан чыгарылган жансыз дене  милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.