22.11.2018 09:59

Жалал-Абаддагы бала бакчада тарбиячы балдарга кол көтөрүп, орой мамиле кылган (видео)

Жалал-Абаддагы бала бакчада тарбиячы балдарга кол көтөрүп, орой мамиле кылган (видео)

Жалал-Абад шаарындагы бала бакчалардын биринде тарбиячы балдарга кол көтөрүп, орой мамиле кылган. Окуянын тасмасын «Sputnik Кыргызстан» агенттиги жарыялады.

Маалыматка караганда, тасма бир жума мурун тартылган.

Кадрларда көрүнүп тургандай, балдарды кийинтип жаткан аял арыдагы бир балага «жемпериңди чеч, малга окшобой» деп кыйкырып, чекеге бир чабат. 

Экинчи тасмада ошол эле аял кичине кызга адамдарды кантип чакыруу керектигин кыйкырып түшүндүрүп жатып  «уруп жиберейинби?» дегенин угууга болот. Ыйлап жиберген кызды «өч, оозуңду жап, же чыгарып жиберем» деп коркутуп, басылбаганда колунан алып, жулкулдатып сүйрөп баратканы көрүнөт. 

Тасманы жөнөткөн киши агенттикке мындай окуя ал жерде байма-бай кайталанып турганын билдирген.