11.01.2019 14:27

Жалган ооганчылар жасалма күбөлүктөр менен мамлекетти алдап, пенсия алууда

Жалган ооганчылар жасалма күбөлүктөр менен мамлекетти алдап, пенсия алууда

Өлкөнүн капчыгына зыяндуу Ооган согушунун жалган ардагерлери аныкталууда. Эки жыл мурда алардын саны 159 киши болсо, быйыл дагы 73 шектүү ардагер кошулуптур. Бул тууралуу калпычыларды аныктоо жаатында иш алып барган мекемелер аралык комиссиянын өкүлдөрү билдиришүүдө. Эң кызыгы, айрым жалган ооганчыларга аскердик прокуратура кылмыш иштерин козгогону менен 6000 сомдук жөлөк пулдарды берүү өнөктүгү тыйылбай келет.