15.05.2018 10:27
Жалпы республикалык тестирлөө башталды
Бүгүн өлкөдө жалпы республикалык тестирлөө башталды. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымат боюнча, тестирлөө 4 күн жүрөт: 15-16-майда жана 18-19-майда.
2018-жылкы Жалпы республикалык тестирлөөдө Акыйкатчы аппаратынан, Коррупцияга каршы ишкер кеңештен, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитетинен, "Элдик көзөмөл департаментинен", "7-апрель баатырлары", "Бир дүйнө Кыргызстан", "Люстрация элдик кыймылынан" өкүлдөр байкоочулук кылышат.
Тестирлөө Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан жүргүзүлөт.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: