18.04.2018 11:48

Жамбыл облусунда белгисиздер кыргыз ишкерин уурдап кетишкен

Жамбыл облусунда белгисиздер  кыргыз ишкерин уурдап кетишкен

Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, окуя  17-апрель түнү Алмата-Тараз жолунда болгон. Бул туурасында CA-NEWS  жаңылыктар кызматы билдирет. 

Унаа менен келген бир нече адам кетип бараткан унааны күчтөп токтотуп, өздөрүн "полиция кызматкерлери" деп тааныштырып, жүргүнчүнү уурдап кетишкен.  

Жамбыл облусунун Ички иштер департаментинин кызматкерлери ыкчам  операция жүргүзүшүп, анын жыйынтыгында уурдалган адам аман-эсен бошотулду.

Аталган кылмышка Алмата шаарынын 3 тургуну шектелүүдө.