06.11.2019 16:41

ЖАМКтын дагы бир жоокери каза тапты. Анын акыркы сөзү

ЖАМКтын дагы бир жоокери каза тапты. Анын акыркы сөзү

ЖАМКнын Кайтаруу жана күзөт департаментинин дагы бир жоокери каза болду. Бул тууралуу April.kg порталына Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Мекемеден билдиришкендей, окуя кечээ, 5-ноябрь күнү кечки саат 21:30 чамасында каза болгон.

«Жоокер жатууга камынып жатып, жанындагыларга «өзүмдү жаман сезип жатам» деп айтып, жыгылып түшкөн экен. «Тез жардам» кызматы келгенче эле каза тапты. Ал 19 жашта болчу. Аскерге Баткен облусунун Кадамжай районунан ушул жылдын май айында келген. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Экспертизанын жыйынтыгы менен гана анын өлүмүнүн себеби айтылат», - деп билдирди басма сөз кызматынан.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө. Күн мурун ЖАМКнын Кайтаруу жана күзөт департаментинин дагы бир жоокери каза болгон