28.10.2020 16:19

Жаныш Бакиевдин экс-орун басарынын эркиндикке чыгарылышына "Баатырлар үмүтү" каршы

Жаныш Бакиевдин экс-орун басарынын эркиндикке чыгарылышына "Баатырлар үмүтү" каршы

Апрель окуясында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнөн түзүлгөн Баатырлар үмүтү коомдук бирикмеси 7-апрель окуясы боюнча 25 жыл соттолгон Жаныш Бакиевдин экс-орун басары Нурлан Темирбаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча Аламүдүн районунун сотунун чечимине каршы.

Кандуу Апрель окуясында мамлекеттин жаркын келечеги үчүн баатырларча курман болгондордун үй-бүлөлөрү катары 7-апрель окуясы боюнча 25 жыл соттолгон Жаныш Бакиевдин экс-орун басары Нурлан Темирбаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча Аламүдүн районунун сотунун чечимине каршы экенибизди билдиребиз.

Карапайым калкка ок чыгарып, канын төгүп, элдин каргышына калган, элибиздин, мамлекетибиздин душманы канкор Бакиевдин үй-бүлөлүк кланына кызмат кылган адамдар четинен бошотулуп, акталып жатканы биздин кыжырыбызды кайнатууда.

Каргашалуу 7-апрель окуясына быйыл 10 жылдын жүзү болду. Ал күндү эстеп жүрөгүбүз дагы эле канап турат, себеби, биздин жакындарыбыздын укугу жексур бийлик тарабынан тебеленип, өмүрлөрү мылтыктын огунан кыйылды. Мындай оор жоготууну, ченемсиз кайгыны душманыбызга да каалабайбыз.

Ушул 10 жылдан бери биз тирүүлөй тозокко түшкөндөй жашап келатабыз. Күйүттүн азабынан ар түрдүү ооруларга кабылып, Апрель окуясында курман болгон жарандарыбыздын жакын туугандарынан да каза болушту. Кээ бир балдар атасынан ажыраганы аз келгенсип, кийин апасынан да ажырашты. Мунун баарына канкор Бакиев жана анын кланы, байлык менен бийликке тойбогон бир туугандары күнөөлүү. Бизди азапка салып кеткен бул канкорлор өзүлөрү уурдап тоногон мамлекеттин, элдин акчасына башка мамлекетте жыргап жашап жатышканы бизди ушул убакытка чейин кыжырлантып, намысыбызды өрттөп келет.

Бүгүнкү күндө, мамлекетибизде саясий кырдаал туруксуз экенин жалпы эл көрүп турат. Андыктан, кырдаалды курчутпоо максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучусу жана Премьер-министр С.Н. Жапаровдон эски чиновниктер кетирген каталарды кайталабастан элибиздин эркиндиги, мамлекетибиздин келечеги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш алып барып, чечкиндүү кадамдарга барышын талап кылабыз! Ошондой эле, Жээнбековдун бийлиги тарабынан саясий куугунтук менен камалган саясий туткундардын, алардын ичинде экс-президент А.Ш. Атамбаевдин сот иштеринин ачык өтүүсүн камсыздап берүүнү суранабыз. Себеби 5-октябрь күнү Ала-Тоо аянтында биз дагы элдин талабын колдоп турганбыз. Ошондуктан чыныгы элдик лидер болом десеӊиз сиздин тарапташтар менен бирге 5-октябрь күнү Ала-Тоо аянтында Жээнбековдун ыплас бийлигине каршы турган саясий күчтөрдүн да талабын эске алууӊуз абзел!

Биздин максат мыйзамдар жана демократия үстөмдүк кылган туруктуу мамлекетти куруу!

 

Баатырлар үмүтү коомдук бирикмесинин төрагасы А.Ү. Камаева