20.09.2018 13:22

Жарым ай мурун Нарын дарыясына түшүп кеткен жаран дагы деле табыла элек

Жарым ай мурун Нарын дарыясына түшүп кеткен жаран дагы деле табыла элек

Жалал-Абад облусунда жарым ай мурун Нарын дарыясына түшүп кеткен жаран дагы деле табыла элек. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кырсык 4-август күнү Таш-Көмүр шаарынын  Достук айыл аймагындагы Бачок тилкесинде болгон. Куткаруучуларга 30 жаштагы  Б.З. аттуу жаран Нарын дарыясына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

19-сентябрь күнү куткаруучулар тарабынан издөө иш-чаралары улантылып, бирок табылган эмес. Бүгүн издөө иштери улантылат.